Кара-Суу шаары 300 миң сомго жаңы желек сатып алат

Кара-Суу шаары 300 миң сомго жаңы желек сатып алат

Кара-Суу мэриясы  300 миң сомго жаңы желек сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуу порталында маалымат жарыяланды.

Муниципалитет «акимиаттын маңдайындагы борбордук аянтка туу сатып алуу жана орнотуу үчүн» тендер жарыялаган. Ага 300 миң сом коротмокчу.

Белгилей кетсек, билдирүү Мамлекеттик сатып алуу порталында 21-декабрь күнү пайда болду. Жогорку Кеңеш 20-декабрь күнү мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ал эми президент ага 22-декабрда кол койду.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев желекке өзгөртүү киргизилсе бюджеттен чыгым болбостугун айткан. Ал 150 туу жаңыланарын, аны демөөрчүлөр каржылап берерин кабарлаган.

Элдик курултайда парламенттин төрагасы айткан демөөрчү президент Садыр Жапаров экендиги белгилүү болду. Өлкө башчысы өзүнүн айлыгынын эсебинен жаңы желектерди мамлекетке сатып бермекчи.

Президент делегаттардан тууну өзгөртүү маселеси боюнча колдоону суранды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>