Бюджеттик кызматкерлердин маянасы канчага көтөрүлдү?

Бюджеттик кызматкерлердин маянасы канчага көтөрүлдү?

Ушул жылдын 1-августунан тартып 58 миңден ашык  бюджеттик тармактын кызматкерлери жогорулатылган маяна ала баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болду.

Бюджеттик тармактын кызматкерлерине төмөнкүлөр кирет:

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;

— мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;

— кенже техникалык кызматкерлер;

— күч түзүмүнүн штаттан тышкаркы жана жарандык персоналы.

“Бул максаттарга республикалык бюджетте 7 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 879 сомдон 2022-жылы 47 953 сомго чейин өстү”, — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: маяна

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>