Депутат балдарды зомбулуктан коргоо үчүн эмне керектигин айтты

Депутат балдарды зомбулуктан коргоо үчүн эмне керектигин айтты

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши менен Европа биримдиги, Бириккен Улуттар уюму (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча “Луч света” демилгесинин алкагында кереге кеңеш өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеш сунуштарды түзүү жана кеңештин 2022-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө талкуу жүрдү.

Талкууда Жогорку Кеңештин депутат айымдары секелек  кыздардын үрөй учурган жагдайларга кабылышы коркунучтуу көрүнүш экенин билдирип, аялдардын, кыздардын жана жаш өспүрүмдөрдүн укуктары мыйзам чегинде корголушу керектигин баса белгилешти.

Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылып, кыз-келинердин зордук-зомбулукка учурашы акыркы кезде арбып бара жатканын жүйө келтирди.

Статистикалык маалыматка таянсак,  жети ай ичинде 9 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Көйгөйлүү маселелерди чечүү аракетинде сунуш-пикирлер айтылды.

Алсак, депутат Надира Нарматова балдарды зомбулуктан коргоо үчүн туруктуу система, улуттук идеология керектигин кошумчалады.

Жыйынга Жогорку Кеңештин айым депутаттары Шарапаткан Мажитова, Камила Талиева, Надира Нарматова, Динара Ашимова, Лейла Лурова жана аткаруу бийлигинин жооптуу кызматтарынын кызматкерлери, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер  катышты.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>