УКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттү
Быйыл Кыргызстанда 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды
12.08.2026 | 12:09

Быйыл өлкөдө 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, мындай көрсөткүч балдардын бакубаттуулугун калыбына келтирүүгө, коопсуздугун камсыз кылууга жана укуктарын коргоого багытталып иштелип чыккан пландарды ишке ашыруунун натыйжасы болду.
Мындан тышкары жыл башынан бери өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталган.
Ошондой эле оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлө каттоого алынган. Учурда алардын ичинен 260 үй-бүлө бул абалдан чыгарылганы айтылды. Аларга социалдык жардам көрсөтүлүп, жумушка орношуу, билим алуу жана документтерди калыбына келтирүү боюнча көмөк берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: бала, социалдык камсыздоо