2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтАлгачкы жолу Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурларыБишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилди
ӨКМ Чүй облусундагы Көл-Төр көлүнүн ташып кетүү коркунучун жойду
12.08.2026 | 12:25

Чүй облусунун Кегети капчыгайында жайгашкан Көл-Төр көлүнүн ташып кетүү коркунучу жоюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Көлдүн жырылып кетүү ыктымалдыгынын алдын алуу максатында жеринде атайын ыкчам топ иштеп, алдын алуу иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам топтун курамына ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, «Кыргызгидрометтин» директору, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана прогноздоо департаментинин кызматкерлери, ошондой эле 41 куткаруучу кирди.
Сууну агызып чыгаруу үчүн куткаруучулар жалпы узундугу 204 метрди түзгөн сифондук түтүктөрдү орнотушту. Бул көлдөгү суунун деңгээлин жана көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом