Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт
Быйыл Ош шаарында 13 жаңы сквер ачылат
19.05.2026 | 16:50

Быйыл Ош шаарында жашылдандыруу максатында 13 жаңы сквер курулууда. Учурда сквер куруунун акыркы этабы жүрүп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, скверлерге тротуарлар салынып, жарыктандыруу мамылары, урналар жана отургучтар орнотулуп бүттү. Июнь айынын башында 10 скверди бир убакта ачуу пландалууда.
Аталган скверлердин өзгөчөлүгү болуп, аларга «Жашыл чарба» ишканасы тарабынан тамчылатып жана чачыратып сугаруу системасы орнотулат. Ошондой эле 400 даана гортензия гүлү эгилүүдө. Гүлдөр ишкананын өздүк күнөсканасында өстүрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом