Интернетте агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеваны кызматтан кетирүү боюнча петиция пайда болду

Change.org (петицияларды жарыялоочу популярдуу сайт) сайтында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын отставкасын талап кылган петиция тарап жатат. Кайрылуунун демилгечиси Турсунбай Исмаилов аттуу жаран.
«Мектептерде заманбап окуу куралдарынын жана техниканын, ошондой эле квалификациялуу мугалимдердин кескин тартыштыгы байкалууда. Бул көйгөйлөр гимназиялардын жоюлушу менен ого бетер татаалдашып, биздин педагогдордун кирешесинин төмөндөшүнө алып келди», — деп айтылат петициянын текстинде.
Ошондой эле, автор министрди президент Садыр Жапаров сунуштаган багытка доо кетирип жатат деп айыптап, мамлекет башчысын жана өкмөттү аны кызматтан бошотуу маселесин кароого чакырат. Мындан тышкары, коомдо талаш-тартыштарды жараткан 2024-жылдагы тил реформасы да сынга алынган.
Мекеме петиция авторунун жүйөлөрүн негизсиз деп атап, ал эми демилгенин өзүн «заманбап реформалардын маңызын туура эмес түшүнгөн» адамдын аракети катары баалады.
Окуу китептери маселеси боюнча министрлик 2025-жылы мектептерге 4 миллиондон ашык нускадагы окуу-методикалык комплекстер жеткирилгенин билдирди. Алардын катарында — 3–9-класстар үчүн англис тили боюнча дээрлик 1,9 млн нуска, математика жана табигый илимдер боюнча ар бири 1,2 миллиондон ашык нускада чыккан окуу китептери бар. Орусиянын «Просвещение» басма үйү менен биргеликте орус тили жана окуу боюнча окуу китептери ылайыкташтырылды.
Кадр маселеси боюнча мекеме мугалимдердин тартыштыгы бир кыйла кыскарганын маалымдады. 2026-жылдын 1-апрелинен тартып педагогдордун айлык акысы 100%га көтөрүлгөн. Мугалимдердин жарымынан көбү «Алтын Казык» маркасындагы акысыз ноутбуктарды алышты, калгандары үчүн сатып алуу иштери улантылууда. 13-майда билим берүү мекемелерине 91 кызматтык унаа тапшырылды.
Министрликтин маалыматына караганда, 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап-этабы менен ишке ашырылууда.
«Реформанын баштапкы этаптарында белгилүү бир кыйынчылыктардын жаралышы — табигый процесс жана бул тууралуу алдын ала белгилүү болчу», — деп айтылат мекеменин расмий билдирүүсүндө.
Reporter.kg окуялардын өнүгүшүнө көз салып турат.