Күн ачык болот: 9-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
Ч.Айтматов проспектисинин бир бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн жабылат
16.03.2025 | 11:32
17-марттан тарта Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин А.Масалиев проспектисинен Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, Ч.Айтматов проспектиси/А.Масалиев проспектиси, Ч.Айтматов проспектиси/Семетей көчөсү кесилиштери унаа кыймылы үчүн ачык болот.
Буга байланыштуу жогоруда аталган тилкеде эки автобустук каттамдын кыймылы өзгөрөт. №8 жана №55 автобустук каттамдардын кыймылы убактылуу Д.Садырбаев (Бах) көчөсүнө которулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар