Чүй губернаторунун аппарат жетекчиси дарыяга кантип кулаган? Күбөнүн сөзү

Чүй губернаторунун аппарат жетекчиси дарыяга кантип кулаган? Күбөнүн сөзү

Көкөмерен дарыясына түшүп кетти деп изделип жаткан унаа адегенде жарды сүзүп андан соң сууга кирип кеткен. Бул тууралуу жолчу болуп иштеген Суусамырдагы Тунук айылынын тургуну  Шаршенбек Аманов окуяга күбө болгон кесиптештеринин сөзүнө таянып Reporter.kg агенттигине билдирди.

“30 июнь күнү эрте менен Кызыл-Ой айылынан келген кеситештер үрөй учурган суук кабарга күбө болгонун айтышты, — деди айыл тургуну.  ― Суусамырга келе жаткан жерде шар аккан сууну бойлой кеткен кууш жер бар. Так ошол жерден алардын унаасын бир унаа ашып өтүп, жарды сүзүп, кайра тумшугу менен сууга кирип кетиптир. Дароо эле суудан кызыл кийимчен жигит көрүнүп, жээкке чыгууга аракет кылып, бирок агып кетиптир. Андан кийин да 2 адам агын суудан бир-эки жолу көрүнүп ошол бойдон көрүнгөн эмес. Кесиптештер сууда агып бараткан ар кандай азык-түлүктөрдү да көрүшкөн.”, — деди  ал.

Ал эми ӨКМ сууга кулган унааны 3 күндөн бери 50дөн ашык адам издеп жатканын айтса, ИИМ унаанын ичиндеги адамдардын өздүгү жана саны белгисиз экенин билдирди.

Буга чейин бир катар басылмалар Чүй губернаторунун аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев атасы, апасы баласы жана кызы болуп Ат-Башы районунан Суусамырга баратып, алардын унаасы  Көкөмерен суусуна кулап кеткенин жазышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>