Ысык-Көл облусунда Асман шаары үчүн аймак кеңейтилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл районундагы 653,87 гектар мамлекеттик жерди Асман экологиялык шаарын долбоорлоо жана куруу үчүн которуу жөнүндө токтомго кол койду.
Документте айыл чарба багытындагы 457,99 гектар жана мамлекеттик токой фондунун 195,88 гектар жерин «калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу каралган. Тилкелер Тору-Айгыр — Тамчы айыл аймагынын аймагында жайгашкан.
Токтомго ылайык, жергиликтүү бийлик органдары жамгыр жана кар сууларын буруучу системалардын курулушун камсыздап, аймакты сейсмикалык жактан коргоо боюнча чараларды көрүшү, ошондой эле кооптуу жаратылыш процесстерине мониторинг жүргүзүүнү уюштурушу керек.
Жерлерди пайдаланууда жана курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык жана санитардык талаптар сакталууга тийиш. Тарыхый-маданий мурас объектилери табылган учурда тармактык адисти тартуу менен археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүшү зарыл.
Мындан тышкары, документте тилкелер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча колдонулбаган учурда жерлерди баштапкы абалына кайтаруу боюнча чаралар көрүлүшү керектиги белгиленген.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунда Асман шаарынын курулушу тууралуу 2021-жылы жарыяланган. Долбоор альтернативдүү энергия булактарын, экологиялык таза транспортту жана жашыл экономиканын принциптерин колдонуу менен жогорку технологиялык «акылдуу шаарды» курууну карайт.
Шаар 500–700 миң жашоочуга ылайыкталган, ал эми аны куруу мөөнөтү 7-10 жылга бааланууда.
Келечектеги шаардын жалпы аянты 4 миң гектарга жакын болот. 2024-жылдын июлуна карата 3,3 миң гектар жер тиешелүү категорияга которулган, калган жер тилкелери боюнча жер ээлери менен сүйлөшүүлөр уланып жаткан.