Никол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу
Мүлк салыгын онлайн кантип төлөө керек — кадамдык нускама
04.08.2026 | 17:54

2026-жылдын 1-сентябрына чейин (ишкердик ишмердүүлүк үчүн колдонулбаган) турак үйлөргө жана батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жана бакча жер тилкелерине салык төлөө зарыл. Мамлекеттик салык кызматынан (МСК) муну «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн кантип кылуу керектигин эскертишти.
Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- «Салык төлөөчүнүн кабинетине» кирүү;
- башкы баракчадагы «Салыктык милдеттенмелер» бөлүмүнөн төлөм жүргүзүлө турган мүлк объектисин тандоо. Бул жерде учурдагы салык мезгили үчүн чегерилген мүлк салыгынын суммасы көрсөтүлөт;
- мүлк объектисин тандагандан кийин система төлөнүүгө тийиш болгон чегерилген салыктын суммасы жөнүндө маалыматты көрсөтөт;
- «Төлөө» баскычын басуу. Система автоматтык түрдө төлөм жүргүзүү үчүн QR-кодду жана тандалган салыктын түрү боюнча акча которуу үчүн банктык реквизиттерди (эсептешүү эсебин) түзүп берет;
- QR-кодду же банктык реквизиттерди колдонуп, каалаган ыңгайлуу ыкма менен төлөмдү жүргүзүү.
Белгиленгендей, мүлк салыгын чегерүү жөнүндө салыктык билдирмелер салык органы тарабынан салык төлөөчүлөргө учурдагы салык мезгилинин 1-августунан кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Салыктык билдирме — тиешелүү салык мезгили үчүн чегерилген мүлк салыгынын суммасы жөнүндө маалыматтарды камтыган документ.
Билдирмени «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу көрүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- «Салык төлөөчүнүн кабинетинде» авторизациядан өтүү;
- башкы баракчадагы «МСК менен кат алышуу» бөлүмүнө өтүү;
- «Билдирүүлөр» бөлүмчөсүн ачуу;
- «Мүлк боюнча МСКнын билдирмеси» документин ачуу. Бул бөлүмдө мүлк салыгын чегерүү жөнүндө билдирменин басып чыгарууга боло турган версиясы жеткиликтүү.
Зарыл болгон учурда документти көрүүгө, жүктөп алууга же басып чыгарууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ГНС, Кыргызстан