Бекешев бенефициарлар тууралуу билдирмени кечигип тапшыргандарга айып пул салбоого чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Юстиция министрлигин бенефициардык ээлер тууралуу билдирмени өз убагында тапшырбагандарга айып пул салбоого чакырды.
Парламентарийдин пикиринде, юридикалык жактардын айрымдары мындай билдирүүлөрдү таптакыр тапшырбашы керек болчу, ал эми электрондук түрдө тапшыруу мүмкүнчүлүгү өтө кеч берилген.
«Бул талап коммерциялык уюмдарга гана эмес, коммерциялык эмес бирикмелерге, турак жай менчик ээлеринин шериктиктерине (ТИШ), саясий партияларга, диний уюмдарга, фонддорго жана коомдук бирикмелерге да тиешелүү болду. Негизинен алар бул билдирмени таптакыр тапшырбашы керек эле, анткени алар бенефициардык менчик ээлери болуп саналбайт», — деп билдирди Бекешев.
Ал белгилегендей, көптөгөн уюмдар талапты аткарууга жетишпей калышкан, андан кийин Юстиция министрлиги айып пул сала баштаган.
Депутаттын айтымында, билдирмени электрондук түрдө тапшыруу мүмкүнчүлүгү белгиленген мөөнөт аяктаарына эки күн калганда — 31-июлда гана пайда болгон.
«Мен Юстиция министрлигинен эч кимге айып пул салбоону суранат элем. Кыргызстанда акчасын айлантып кеткен эки-үч адамдын айынан калгандары жапа чекпеши керек», — деди парламентарий.
Бекешев ошондой эле бул процедураны киргизүүнүн себептерин түшүнөрүн, бирок бенефициардык ээлер жөнүндө керектүү маалыматтар мамлекеттик маалымат базаларында ансыз деле бар деп эсептей турганын билдирди. Анын пикиринде, эл аралык милдеттенмелерди аткаруу үчүн билдирүүлөрдү тапшыруу мөөнөтүн дагы эки-үч айга узартып, процессти электрондук кабинеттер аркылуу уюштурса болот эле.
«Эч кимге айып пул салуунун кереги жок. Мындай болбойт деп үмүттөнөм», — деп жыйынтыктады депутат.
Эскерте кетсек, Юстиция министрлиги 2026-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү өздөрүнүн бенефициардык ээлерин аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды 2026-жылдын 1-августуна чейин каттоочу органга тапшырууга милдеттендирген