Кыргызстанда кечки саат ондон кийин фейерверктерди атууга тыюу салынды

11.08.2026 | 14:11
В Кыргызстане запретили запускать фейерверки после 10 вечера — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда кечки саат 10:00дөн кийин фейерверк жана башка пиротехникалык каражаттарды аттырууга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Ага ылайык, пиротехникалык буюмдарды сатуу адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана жүргүзүлөт. Ошондой эле иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 09:00гө чейин пиротехникалык буюмдарды атып, ызы-чуу жаратууга тыюу салынат.

Документ өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу жана Бажы бирлигинин «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин талаптарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган

Токтом расмий жарыялангандан күндөн (11-августтан) он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top