Кыргызстандын финансы сектору тогуз айда 37 миллиард сом пайда таптыБишкекте электробусту токтотууга аракет кылып жатып, айдоочу каза болдуКыргызстандын банктары тогуз айда 470 миллиард сомдук насыя берди«Студенттерди кармап калбай, тартуу керек»: «СКОЛКОВОдогу» борбордун башчысы ЖОЖдор тууралуу Мирлан Урматов Кадамжай районунун акими болуп дайындалдыЧүйдө эки жаран ишкерлерден 100 миң доллар опузалоого шектелип кармалышты
Видео: Чехияда опера ырчысы Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткарды
14.12.2022 | 18:04
Чехиянын опера ырчысы Петра Енчкова Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткарды. Бул тууралуу Чехияда жашаган кыргызстандык Александр Иванов “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди.
Ал Кыргызстандын гимнинин кабыл алынышынын 30 жылдыгына карата атайын видео даярдаган.
“Сиздердин көбүңөр билгендей, 2020-жылы Кыргызстандын гимнин чех тилине которгом. Майрам алдында, операсы ырчысы Петра Енчкованын Кыргызстандын гимнин чех тилинде аткаруусундагы видеосун сунуштайм”, – деп жазган ал.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом