Жогорку Кеңештин депутаттары Ташкентке иш сапар менен барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Ташкентке иш сапар менен барышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Винера Раимбачаева жана Динара Ашимова Ташкент шаарына иш сапары менен барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш сапардын алкагында Өзбекстан ОлийМежилис Сенатынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, эки тараптык кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Өзбекстандын Калкты ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министрлигинин ортосунда меморандум түзүү негиздери ишке ашырылат.

Делегацияны Өзбекстандын Калкты ишке орноштуруу жана эмгек мамилелери министринин биринчи орун басары Э. Мухитдинов кабыл алып, эмгек миграциясы тууралуу диалог жүрдү. Ошондой эле Ташкент шаарындагы жумушсуздарды окутуу борборунун иши тааныштырылды.

Эл өкүлдөрүнүн Ташкент шаарына болгон иш сапары 15-декабрда аяктайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>