Чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддар — сүрөт

Чек ара аймактарында жарылбай калган снаряддар — сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда жарылбай калган снаряддар зыянсыздандырылып жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-сентябрдан тартып Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн инженердик-сапердук бөлүктөрү Баткенде иш алып барууда.

Ушул жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды. Куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: снаряд

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>