Камактагы Ырыс Жекшеналиев ден соолугу тууралуу айтты

Камактагы Ырыс Жекшеналиев ден соолугу тууралуу айтты

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери СИЗО-1ге барып, ден соолугу начарлап кеткен блогер Ырыс Жекшеналиев менен жолугушту.

Аталган ведомстводон билдиришкендей,  Жекшеналиевдин айтымында, 2 күн мурун кезектеги сурак учурунда анын кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Ушул себептен улам сурак токтотулуп, ал медициналык кароого алынып, анын жүрүшүндө магниттик-резонанстык томографиядан (МРТ) да өткөн. Анткени мурда, камакка алынганга чейин анын баш мээси жаракат алган жана дарылоону талап кылган омуртка жана жүрөк-кан тамыр оорулары болгон.

Жекшеналиевден СИЗОнун жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан кыйноолор жана ырайымсыз мамиле жасалгандыгы тууралуу арыз түшкөн эмес.

Эскерте кетсек, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырган. Ага чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик билдирүүсү жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевге кылмыш иши козголуп, 16-августта камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>