Чек ара чыры: Кыргызстан Тажикстанга өткөрүп берген эки жаран эркиндикке чыгат

Чек ара чыры: Кыргызстан Тажикстанга өткөрүп берген эки жаран эркиндикке чыгат

Былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Кыргызстанда кармалып, соттолгондон кийин быйыл Тажикстанга өткөрүлүп берилген эки тажик жараны эркиндикке чыгат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматына алардын туугандары билдирген.

Кыргызстанда соттолгон Абдурозик Абдукаххоров жана Аскар Юнусов аттуу эки тажик жараны быйыл июнь айында жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөөсү үчүн Тажикстанга өткөрүлүп берилген. Учурда алар Худжанддагы убактылуу кармоочу жайда камакта отурат.

Алар былтыр Лейлек райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бирок облустук сот тарабынан аларга чыккан өкүм өзгөртүлүп, соттолуучуларга 20 жыл берилген. Алар былтыр апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин кармалып, кийин «тынчтыкка каршы кылмыш» жана «мародерчулук» беренелери боюнча соттолгон.

Соттолгондордун жакындарынын айтымында, учурда Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусовдун кылмыш иштери Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан иликтенүүдө. Эки жума мурда Башкы прокуратуранын кызматкери соттолгондор жакын арада абактан чыгарын айткан.

«Башкы прокуратуранын өкүлү борборго келүүнүн кереги жоктугун, Абдурозик менен Аскар кое берилерин айтты. Бул кабар бизди абдан кубандырды. Мен Худжанддагы убактылуу кармоочу жайга барып, аларга жакында бошотулары тууралуу кабарды угуздум», — деди ал.

Абдурозик Абдукаххоров менен Аскар Юнусов Тажикстандын жарандары, бирок Кыргызстандын Борбордук айылында жашашчу. Алар былтыркы куралдуу кагылыштан кийин кармалып, соттолгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>