Чек ара чыры: Жаракат алгандардын саны 8ге жетти

Чек ара чыры: Жаракат алгандардын саны 8ге жетти

Соңку маалыматтар боюнча Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуудан 8 киши жаракат алды. Жабыркагандардын саны мындан дагы көп болушу ыктымал.

Белгилей кетсек, 28-апрелде «Головной» суу сактагычында чыр чыккан. 29-апрелде Баткен районунун Көчө-Бою аймагында абал курчуп кеткени айтылган. Кырдаалдын курчушуна Тажикстандын жарандарынын чагымчыл аракеттери себеп болгон. Алар кыргызстандыктарга жана алардын үйлөрүнө таш ыргыта башташкан.

Буга чейин Көк-Таш айылындагы топтолгон  жаш балдар менен аялдар Баткенге жеткирилген. Облустук милиция Баткендеги чек арада атышуулар уланып, жаракат алгандар бар экенин билдирген. УКМК болсо Тажикстандын чек ара кызматы телефон чалууларды кабыл албай жатканын кошумчалаган.

Мындан сырткары, Көк-Таш айылынын тургундары элге курал берүүнү талап кылууда. Соңку маалыматтар боюнча тажик тарап Көк-Таш айылындагы трансформаторду атып, электр жарык өчкөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>