АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чек ара кызматкеринин башына ок тийип, комада жатат
22.10.2022 | 16:44
УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдиргендей, 21-октябрь күнү «Чалдыбар-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери, 2001-жылы туулган Ж.А. башына ок тийип жаракат алган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгон.
Аскер кызматкери Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымдарында абалы оор деп бааланып, комада жатат.
Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөргө кабарланды. Окуя болгон жерде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын өкүлдөрү иштеп жатат.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар