Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттү
Чек ара кызматкерлери аткезчиликке жол ачканы аныкталды
22.02.2022 | 09:25
Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейинки аралыкта Кыргыз контрабандалык иштерди кылуу максатында Республикасынын мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 19 тоннадан ашык жүк кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик “И.Н.” жана сержант “Э.М.” экени аныкталган.
Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар