«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээкМанасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар
Чек ара кызматы: Баткендеги Арка аймагында абал курч
01.05.2021 | 15:10
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматы бүгүн, 1-май саат 12: 45ке карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч экендигин билдирди.
Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка аймагында тажик аскер кызматкерлери кыргыз жарандарынын турак үйлөрүнө ок чыгарышты. Айыл тургундары буга чейин эвакуацияланган.
Кыргызстан чек ара бөлүктөрү коргонуу позициясын ээлешти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом