УКМКнын Чек ара кызматы 17-сентябрдан бери дайынсыз болгону айтылган чек ара кызматкери Дастан Анарбеков боюнча маалымат берди.
Маалым болгондой, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Чек ара кызматынан бронежилет кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылган.
«Тилекке каршы, денесинин 90% ашыгы жабыркагандыктан анын өздүгүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Дастан Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза — ДНК-тест өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды», — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы белгилегендей, ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына кабарланат.
«Ошондой эле генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети УКМКнын Чек кара кызматынын күчү менен улантыларын маалымдайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.
Чек арачы Дастан Анабековдун апасы: Уулубузду издебей жатышат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз