Чек ара кызматы: Тажик тарап ок аткылоосун токтоткон жок

Чек ара кызматы: Тажик тарап ок аткылоосун токтоткон жок

Бүгүн, 14-сентябрь саат 11:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесиндеги абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой мындан мурдаарак ок атышууну токтотуу тууралуу жетишилген макулдашууга карабай тажик тарап кыргыз чек арачылары көздөй маал-маалы менен ок чыгарууда. Саат 11:30га карата кыргызстандык чек арачылар ичинде жараат алгандар жана каза болгондор жок.

«Чек ара кызматы ок атууну токтотуу жана кырдаалдын мындан ары курчушуна жол берөө үчүн бардык чараларды көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгын башчысы К. Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКсынын Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Х. Пиракзоданын жолугушуусу өтүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну тажик тарап баштаганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстан тарап чырдын башталышына Кыргызстанды айыптоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>