Экс-президенттер артыкчылыктан ажырайт. Депутаттын сунушу

Экс-президенттер артыкчылыктан ажырайт. Депутаттын сунушу

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президентке мамлекет тарабынан берилген айрым артыкчылыктарды алып салууну сунуштап, мыйзам долбоорду комитеттердин кароосуна алып чыгарын айтты.

Анын айтымында, экс-президенттерге артыкчылыктардын кереги жок.

“Мамлекетти башкарып кеткендер биздин өлкөнү өнүктүрүп жиберген жок. Экс-президенттерге эч кандай артыкчылыктардын кереги жок. Эмне кылган жумушу үчүн алар өмүр бою мамлекеттик дачада жашашы керек? Эмне үчүн өмүр бою күзөт болушу керек? Мисалы Германияда экс-президенттер мамлекеттен бир гана пенсия алышат жана өзүнүн эсебинен жан сакчы жалдайт”, — деди депутат.

Бул боюнча депутат атайын мыйзам долбоор иштеп чыккан.

Азыркы мыйзамга ылайык экс-президенттерге бир катар артыкчылыктар берилген.

— экс-президент өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот;

— акысыз медициналык кызмат көрсөтүлөт;

— президенттин бир айлык эмгек акысынын 75% өлчөмүндөгү акчаны өмүр бою ай сайын алып турат (бул артыкчылыктар пенсия курагына жеткенде да сакталып калат);

— мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет;

— экс-президент аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу;

— экс-президент өлкө аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ. Экс-президенттин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет (16-берене).

Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык экс-президенттин айрым артыкчылыктары алынат:

— экс-президент өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик күзөт кызматын пайдалана алат;

— экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;

— 16-беренеде каралган артыкчылыктарынан ажыратылат;

— жаңы президент кызматына киришкенден кийин экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны бошотушу керек.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын президенти кызматын Садыр Жапаров ээлеп отурат. Ага чейин мамлекет башына беш адам келип кеткен. Алардын үчөөнүн экс-президент макамы жок. Мурдагы өлкө башчыларынын экөөнүн гана экс-президент деген макамы бар. Алар — Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>