Депутат экс-министр Бейшеналиевге козголгон иш жабылганына нааразы

Депутат экс-министр Бейшеналиевге козголгон иш жабылганына нааразы

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов прокуратура алгач мурунку саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, кийинчерээк анан жаап салганына нааразы болду.

Депутат экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда башка кызматта иштеп жатканын айтып, “козголгон кылмыш ишин жапкан прокурор жазаланабы?” деген суроо узатты.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов бул боюнча маалыматы жок экенин айтты. Анын жообуна нааразы болгон депутат “анда маалыматы барлар келсин” деди.

Эске салсак, июнь айынын башында Алымкадыр Бейшеналиев жети эпизод боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган. Ал СИЗОго киргизилген, бирок 16-июнда сот аны үй камагына чыгарган. Жаркынбек Касымбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

16-августта айыпталып жаткан Бейшеналиевге козголгон иш кылмыштын белгилери табылбагандыктан токтотулган. Кеп COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуу жөнүндө болуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу калган алты кылмыш иши боюнча учурда Ички иштер министрлиги тарабынан айтылгандай, тиешелүү процессуалдык аракеттер көрүлүүдө.

19-августта Бейшеналиев министр кызматынан бошотулуп, «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>