Президент Жапаров: Үч президентти кууган эл, төртүнчүсүн да кууп коет

Президент Жапаров: Үч президентти кууган эл, төртүнчүсүн да кууп коет

Үч президентти кууп чыккан эл төртүнчү президентти бир жылга жеткирбей кууп коет. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын сынаны жооп берип жатып билдирди.

Кечээ, 25-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунан делегат болуп келген Жылдызкан Жолдошева Кыргызстанга президенттик башкаруу болбой турганын, президенттик-парламенттик башкарууга өтүү керектигин айткан.

«Урматтуу мекендештер, урматтуу Садыр Нуркожоевич бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошондуктан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл. Бул маселеге кайтып келишибиз керек. Себеби сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?», — деген ал.

Жапаровдун айтымында Кыргызстанда парламенттик да, президенттик-парламенттик башкаруу болгон, бирок андан Кыргызстан «жыргап кеткен жок».

«Парламенттик, президенттик-парламенттик башкарууну көрдүк. Жыргап кеткен жокпуз. Мен экөөнү тең көрдүм, иштедим. Буга чейин, акыркы он жылда үч баштуу бийлик болду. Парламент өзүнчө бийлик, тим эле «монстр» болуп алды. Андан кийин өкмөт жана президент», — деди ал.

Сөзүн улай Жапаров Жолдошеванын «сизден кийин кандай адам келет, өлкөнү каякка алып барат?» деген сөзүнө жооп берди.

«Сенден башка кандай президент келип каларын ким билет деп айтпадыңызбы. Ооба, туура айттыңыз. Бирок кандай президент келсе дагы, жеке чөнтөгүнө иштеп уурдай турган болсо, кыргыз эли алакандай элбиз, бири-бирибизди жакшы тааныйбыз, ким эмне менен дем алып, кайсы жерден уурдап жатканын билебиз, үч президентти кууп чыккан эл төртүнчү президентти бир жылга жеткирбей кууп коет. Аны көрбөдүкпү. Кыргыз элин эч убакта алдай албайсың», — деди ал.

Делегат: Кыргызстанда президенттер «монстрга» айланып кетет

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>