Чек арада үй-мүлкү тонолгон жарандарга кенемте төлөнө элек

Чек арада үй-мүлкү тонолгон жарандарга кенемте төлөнө элек

Тажикстандын кол салуусу учурунда үй-мүлкү өрттөнүп, тонолуп кеткен жарандарга дагы эле кенемте төлөнө элек. Бул тууралуу Баткен районунун Капчыгай айылынын тургундарынын  Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусунда айтылат.

Алар 2022-жылдын сентябрь айында көп жыл топтолгон мүлкүнөн кол жууп калганын белгилешет.

“Үй-эмеректерибиз жана өрүк, шаалы, арпа-буудай жана башка жыйган терен көп жылдык үй-мүлктөрүбүздүн компенсациясын төлөп берүү жагы кечиктирилип жатат. Жаңы үйлөр бүтүп, кубанычыбыз коюнга батпай турса да, жайдак үйдө жашоо кунарсыз болуп турган убагы. Жашоого керектелүүчү көп буюм-теримдерибиз жок. Сатып алууга элдин мүмкүнчүлүгү жетпейт”, — дейт баткендиктер.

Алар  Капчыгай айылынын ички жолдоруна асфальт төшөп берүүнү дагы суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>