Токтогулдун мэри кримчөйрө менен ымала түзүп, кварц кенин басып алган

Токтогулдун мэри кримчөйрө менен ымала түзүп, кварц кенин басып алган

Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев кен байлыктарды басып алууну жана аны мыйзамсыз иштетүүнү уюштурганы, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2022-жылы Эркин Тойгонбаев айыл өкмөт башчысы болуп турганда, кварц кенин казган ишкананын ээсине кенди биргелешип иштетүүнү сунуштаган. Бирок ишкананын ээси андан баш тарткан. Ага байланыштуу Эркин Тойгонбаев кенди басып алуу үчүн белгисиз адамдарды тарткан. Алардын арасында «Дөө Чынгыз» каймана аты менен таанымал маркум кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобундагы, өзүн Токтогул шаарын «караган» адам катары тааныштырган И.Б.А. аттуу жаран болгон. Алар ишкананын ээсине күч колдонуп, үй-бүлөсүнө залал келтиребиз деп коркутуп, ишкананын 50%ын өткөрүп берүүгө мажбурлашкан. Жыйынтыгында ишкананын ээси 50% үлүшүн берип, ал Эркин Тойгонбаевдин уулунун атына катталган.

Андан кийин ал кварцты мыйзамсыз казып алып, сата башташкан. Түшкөн кирешени Токтогулдун мэри Эркин Тойгонбаев жана уюшкан кылмыштуу топтогу адамдар алып турган. Ошондой эле кенди иштетүү экологиялык жана техникалык талаптарды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, мамлекетке 74 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Учурда шектүү катары Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев, анын уулу А.Э. уулу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Б.А., компаниянын өкүлү Б. С. уулу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

Токтогул шаарынын мэри Эркин Тойгонбаев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>