Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Чек арадагы айылдарга өзгөчө статус берүү талаптары кайра каралат
18.02.2024 | 16:38
Чек арага жакын айылдардын тизмесине киргизүү критерийлери кайра каралат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын жыйынында тапшырма берди.
Комиссия өзгөчө макам алууга сунушталган чек арадагы калктуу конуштардын тизмесин карап чыкты. Андагы 73 айылдын ичинен 57си гана талапка жооп берери айтылды.
Белгилей кетсек, учурда чек арадагы айылдардын тизмесине 132 айыл жана 10 участок кирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом