АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Чек арадагы атышуу: Ооруканага 55 адам түштү, каза болгондор бар
16.09.2022 | 19:18
Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болгондор бар, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.
“15 жаштагы өспүрүм кыз октон көз жумду. Каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда”, – деп айтылат маалыматта.
Саат 18:00гө карата ооруканага жалпы 55 жабырлануучу жаткырылган. Анын ичинен 3 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Алардын көбү денелеринин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан жаракат алышкан.
Жалпы жабыркагандардын ичинен 7си аял, 5и жаш балдар.
– Баткен облустук бириккен ооруканасы – 23 жабырлануучу;
– ЖДПБ Лейлек 22 жабырлануучу;
– ЖДПБ Кулунду – 3 жабырлануучу,
– Улуттук госпиталда – 3 жабырлануучу,
– Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом