Чек арадан ири көлөмдө дары-дармек алып бара жаткандар кармалды

Чек арадан ири көлөмдө дары-дармек алып бара жаткандар кармалды

Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-декабрь күнү  Талас облусундагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунда дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда «Вольво» үлгүсүндөгү унанын айдоочусу, кыргыз жараны “М.М.К.” кармалды.

Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы алдын ала 50 миллион сомдон ашык  болгон, өсүмдүк майы түрүндөгү товарлар деп катылган, болжол менен 1500-2000 кутуча дары-дармектер жана 348 даана уюлдук телефондор табылды. Ошол эле учурда бул товарлардын түрлөрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Бул унаа Орусияга келип, Кыргызстандын түштүк аймагына бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>