Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстандын Өзбекстандагы элчисинин креслосун Бабановдун жакын адамы ээлеши мүмкүн
23.12.2021 | 17:06
Кыргызстандын Өзбекстандагы жаңы элчиси болуп “Республика-Ата Журт” фракциясынын мурдагы депутаты Фархат Иминов келиши мүмкүн.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана коопсуздук боюнча комитети карашы керек болчу, бирок жыйынга чейин бул маселе күн тартибинен алынган.
Жогорку Кеңештин 22-декабрдагы жыйынында аталган комитет кийин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Фархат Иминовдун талапкерлигин жактырганы белгилүү болду.
Фархат Иминовду Өмүрбек Бабановдун эң жакын адамы деп аташкан. Ал Бабановду шайлоодо колдоо үчүн казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн имиш. Иминов өзү бул маалыматты негизсиз ушак деп айтып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат