Чемпиондор Лигасында калыска нааразы болгон 2 команда талааны таштап кетишти – видео

Чемпиондор Лигасында калыска нааразы болгон 2 команда талааны таштап кетишти – видео

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычтагы акыркы оюндары 9-декабрга караган түнү өттү. Анын алкагында беттешип жаткан “Н» тайпасындагы «ПСЖ» — «Истанбул Башакшехир» командаларынын беттеши жаңжал менен коштолуп, оюн токтотулду.

Ага командалардын калыска нааразалыгы себеп болду. Анда башкы калыстын жардамчысы, капталдагы калыс Себастьян Колцескунун «Истанбул Башакшехир» клубунун машыктыруучусунун жардамчысы Пьер Вебого карата расисстик пикири нааразылык жаратып, эки команда тең беттешти улантуудан баш тартты.

Оюндагы эреже бузууга калыстардын аракети туура эмес деп нааразы болуп жаткан Пьер Вебого чара көрүү керек деп капталдагы калыс Колцеску, башкы калыска байланыш аркылуу кайрылган. Ал анда Вебого карата «negro» дегенди сөздү колдонгонун «Истанбул Башакшехирдин» оюнчулары угуп калган. Буга нааразы болгон Түрк командасынын оюнчулары жана команда мүчөлөрү жаңжал чыгарып, аларды «ПСЖ» командасы дагы колдоп оюн талаасын таштап чыгып кетишти. 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от МАТЧ ПРЕМЬЕР (@matchpremier)

Түрк клубу бул окуяга дароо реакция жасап, «Расизмге жол жок» деп социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>