Президенттик шайлоо: Кубан Чороевдин кол тамгалары жараксыз деп табылды

Президенттик шайлоо: Кубан Чороевдин кол тамгалары жараксыз деп табылды

Президенттикке талапкерлердин бири Кубан Чороевдун шайлоочулардын кол тамгаларын топтогон барактары жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

БШКнын маалыматына ылайык, Чороевдун кол коюу барактары шайлоо фондунан акча төлөнө электе эле жасалганы аныкталды.

Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү кол топтоо баракчаларын 2020-жылдын 3-декабрында тапшырган. Бул мыйзамга каршы келет.

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобунун маалыматы боюнча, талапкердин шайлоо фонду 11-ноябрда ачылган. Шайлоо фондунан кол топтоо баракчаларын даярдоо үчүн төлөм 3-декабрда жүргүзүлгөн.

Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин 9-бѳлүгүндѳ «Эгер ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептеле» тургандыгы белгиленген.

Талапкер БШКнын чечимине каршы чыга алат. БШК 24 сааттын ичинде талапкердин кол тамгалары жараксыз болгону тууралуу кабарлашы керек. Эгер ал шайлоого катышуудан мыйзамсыз четтетилдим деп эсептесе төрт күн ичинде сотко кайрыла алат.

БШК 14-декабрда талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт, ага чейин талапкерлердин чогулткан кол тамгаларын текшерет.

Үгүт иштери 15-декабрда башталат. Ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>