КР Министрлер кабинети алюминий сыныктарын, анын ичинде ЕАЭБге чыгарууга тыюу салууну сунуштоодоБишкек мэри Жапаровдон эмне үчүн тил укканы жана президент менен туугандыгы тууралуу имиштер боюнча жооп бердиЭр-Рияддагы аэропортко экинчи жолу чабуул жасалды. Кыргызстандын ТИМи соккуларды айыптадыЖапаров Кадамжай районунун өнүгүү жыйынтыктары жана жаңы долбоорлор менен таанышты«Өзүң уурдаба жана башкаларга уурдатпа»: Жунушалиев КР президентинин талабын эске салдыЖапаров 16 жаштагы кыз менен байланышы үчүн соттолгон жаранга ырайым кылуу өтүнүчүн четке какты
Чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт
12.08.2026 | 15:27

Чет өлкөлүк каттоодогу унааларды мыйзамдаштыруу өнөктүгүнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор эскертти.
Борбордун маалыматында, 12-августка карата өлкө боюнча 2 миң 238 унаа мыйзамдаштырылды. Өнөктүктүн мөөнөтү бүткөндөн кийин каттоо иштери жүргүзүлбөйт.
Легалдаштыруунун баасы:
- Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см³ чейинки унаалар үчүн — 50 миң сом;
- Кыймылдаткычынын көлөмү 2000 см³ ашкан унаалар үчүн — 100 миң сом;
- Электромобилдер үчүн — 50 миң сом.
Каттоодон өткөн унааларга Кыргызстандын «10» региондук коду менен мамлекеттик номерлер берилет. Өнөктүктүн алкагында жеңил, жүк ташуучу унааларды жана электромобилдерди мыйзамдаштырууга болот. Мамлекеттик борбор жарандарды документтерди өз убагында тапшырууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: мыйзамдаштыруу, унаа