Чет элдик туристтер Кыргызстанда саякаттоодон баш тартууда

Чет элдик туристтер Кыргызстанда саякаттоодон баш тартууда

Кыргызстанда туристтик сезон кайрадан болбой калуу коркунучун жаратууда. Европалык туристтер июнь айында алдын ала ээлеген орундардан баш тартууда. Үч айлык сезонду кандайдыр бир керемет эле сактап калуусу мүмкүн. Бул тууралуу “Репортёрго” Кыргыз туризм индустриясынын ассоциациясынын жетекчиси жана «TravelExperts» компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Глуховеров билдирди.

Анын айтымында, туристтер COVID жугузуп алуудан коркуп, Кыргызстанга келүүдөн баш тартууда.

“Сурагандар жокко эсе, элдер саякаттагандан коркуп жатышат. Аз сандагы гана мурда буюртма бергендер гана “эгерде дүйнөдө бары жакшы болсо” деген сөздөрү менен отурушат. Июнда баары бош, кезекте июль менен август. Көптөгөн отелдер, айдоочулар, ресторан жана башкалар 2019-жылы жаңыланып, кредиттерди алып алганы өкүнүчтүү. Көпчүлүгү туристтик тармакты таштаганы өкүндүрөт”, — дейт Глуховеров.

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы көптөгөн туристтик тармактар жабылып калган, же болбосо башка тармактарга кеткен. Айрымдары тил үйрөтү же котормочулук менен алектенсе, айрымдары жүк ташуу тармагын өздөштүрүүдө.

“Биздин эсеп боюнча, туристтик тармак пандемияга чейинкиге салыштырмалуу 10 пайыз гана табат. Бир гана Кыргызстанды активдүү жарнамалап, жакшы жагынан жайылтуу менен биздин өлкөгө келүүнү кыялдатуу гана учурдагы абалдан сактап кала алат. Көпчүлүк азыр келүүнү каалайт, бирок Европада биздин өлкө коронавирустан улам саякатоо үчүн кооптуу деп саналат. Мындан сырткары бизде түз каттам жок, адамдар болсо башка өлкөлөр аркылуу учуп келүүдөн чочулашат”, — деп кошумчалады ассоциациянын жетекчиси.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>