Чет элдик туристтерге виза берүү мөөнөтү кыскарды

Чет элдик туристтерге виза берүү мөөнөтү кыскарды

Чет элдик туристтерге виза берүү мөөнөтү кыскарганы  Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйында айтылды.  Бул туурасында аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи.

Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми 1 күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пунктарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл. Бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар, аны кеңири жайылтуу гана милдети турат. Туризмди өнүктүрүүгө багытталган мыкты долбоорлорду мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу колдоого даярбыз. Улуттук кеңеш да тез аранын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа иштеп чыгып, ишке ашыра баштообуз зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да буга тартылып, аймактардагы туристик жайларга да көңүл бурулат” – деп билдирди минитрлер кабинетинин башчысы.

Курамына туризм жаатында иш алып барган жеке ишкерлер кирген улуттук кеңештин жыйыны айына бир жолу уюштурулат.

Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга бел байлап,  туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы унаа жолдор транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планын айтып берди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>