Түркмөнстандын ооруканаларында жаткан бейтаптарга дресс-код киргизилди

Түркмөнстандын ооруканаларында жаткан бейтаптарга дресс-код киргизилди

Түркмөнстандын ооруканаларында бейтаптардан салттуу стилдеги кийимдерди кийип жүрүү талап кылынууда. Жаңы эреже ооруканага жаткырылган бардык түркмөнстандыктарга тиешелүү.

Басылманын маалыматына караганда, бир нече облустук мекемелерде дарыланып жаткан аялдардан кенен көйнөк кийүүнү, жоолук салынууну талап кылышууда. Көйнөк кенен, узун, жеңи чыканактан төмөн жана кебезден токулган кездемеден болууга тийиш.

Бейтап эркектер пахтадан токулган ак түстөгү, жеңи чолок футболка жана кара түстөгү түркмөн шымдарын кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Бейтаптар бул кийимдерди өздөрү ала келиши керек.

Түркмөнстандын медициналык мекемелериндеги өз булактар эгер жаңы бейтаптардын тышкы келбети талапка жооп бербесе, алар ооруканага жаткырылбай турганын кабарлашты. Мурдатан бери дарыланып жаткандарга жаңы кийим менен камсыздалууга эки күн убакыт берилди. Ооруканалардын биринде дресс-коддун киргизилишин Саламаттык сактоо министрлигинин текшерүүсү менен түшүндүрүштү. Башка бир мекемеде бул бийликтин буйругу экени айтылды.

Түркмөнстанда мартта бийликке мурдагы президенттин уулу Сердар Бердымухамедовдун келиши менен жашоочулардын, айрыкча аялдардын тышкы келбетин көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Апрелде өлкөдө айрым косметикалык операцияларга, маселен төштүн пластикасына же татуажга тыюу салынды. Көчөдө тырмак жана кирпик чаптап алгандарды кармоо учурлары көбөйдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>