Чет элдиктерди батирде бир ай кармаган. Тоноого шектүү кармалды

Чет элдиктерди батирде бир ай кармаган. Тоноого шектүү кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда чет элдик жарандын телефонун тартып алууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-февралда милицияга Азербайжандын 63 жаштагы Г.С. аттуу жараны кайрылган. Ал арызында билдиргендей, «Влад» жана «Бактыбек» аттуу жигиттер аны жана 22 жаштагы Азербайжандын Г.Э. аттуу жаранын январдан февралга чейин бир ай «Энергетиктер шаарчасындагы» батирде коркутуп, күчтөп кармап, анын Redmi 10 үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы В.В. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда экинчи шектүүнүн өздүгү такталууда.

Жогоруда айтылгандай, жабырлануучу арызында «Влад» жана «Бактыбек» деген адамдар бир ай батирде күчтөп кармаганын билдирген. Бирок кылмыш иши «тоноо» фактысы боюнча ачылган.

Аталган иш боюнча Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, жабырлануучу арызында күчтөп кармоо тууралуу айткан. Ошол эле учурда, шектүү телефонду тартып алганын мойнуна алып, ал эми батирде күчтөп кармаганын моюндаган эмес. Бирок учурда тергөө уланып жаткандыктан, анын жүрүшүңдө, күчтөп кармоо фактысы далилденсе, кылмыш иши кайра квалификацияланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>