ЖАКта Ооган согушунун ардагерлери эскерилди

ЖАКта Ооган согушунун ардагерлери эскерилди

Жазаларды аткаруу кызматында Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Иш-чарага ЖАКтын төрагасы, Аскат Эгембердиев, өздүк курам жана ардагер коноктор катышкан.

Эгембердиев өз сөзүндө белгилегендей, ардагерлер Ооган согушунан кийин да жаза аткаруу тутумунун кызматкерлери катары Ата мекенге татыктуу кызмат өтөп, ар дайым өз элинин патриоту катары таанылышып, бүт күч-кубаттарын жумшашкан.

Чакырылган 16 ооган ардагеринин экөө «Устат», калгандары «Кадырман» медалдары менен сыйланышты.

«Өз кезегинде ардагерлер кызматтын жетекчилигине ар дайым көңүл буруп, камкордук көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Мындан ары да жаш кесиптештери менен баалуу билимдерин бөлүшүп, жаш муунга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө даяр экендиктерин белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>