Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Чет өлкөдөн көчүп келген 518 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди
31.07.2024 | 20:00
Жыл башынан бери чет өлкөдөн көчүп келген 518 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Алар Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн көчүп келишкен.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Алардын 65 миңи жарандык алышкан.
Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, ишке орноштурууга көмөктөшүүгө укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом