Чет өлкөлүктөргө жасалма диплом саткан чет элдик кармалды

Чет өлкөлүктөргө жасалма диплом саткан чет элдик кармалды

Чет өлкөлүктөр үчүн Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасалма жана сатууну уюштурган чет элдик жаран кармалды.  Бул  тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан КР УКМК кызматкерине 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда чет элдик жаран «М.А.» аттуу жараны кармалды. Кылмыш ишинин алкагында, Кыргызстандын ЖОЖдорун бүтүргөнү тууралуу жасалма дипломдорду иш жүзүндө окубаган чет элдик жарандарга таратуу, ошондой эле документтерди жасалмалоо, башка мамлекеттерде билим алганын тастыктаган, анын негизинде биздин окуу жайларга андан ары билим алуу үчүн которулгандыгы  үчүн канал уюштурганы аныкталды.

Аталган «М.А.» аттуу кармалган жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда 610 миң сом жана 31 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын дипломдору жана жасалмалуулуктун белгилери бар башка документтер табылып алынды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: жемкорлук

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>