Чолпон-Атада ТүркПАнын жыйыны башталды

Чолпон-Атада ТүркПАнын жыйыны башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин жана XI пленардык жыйыны башталды.

Жыйынга ТүркПАга мүчө-өлкөлөрдүн — Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриянын парламенттик делегациялары катышууда.

Тараптар парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулап, ТүркПАнын 2023-2028-жылдарга стратегиялык жол картасын бекитип, социалдык ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган моделдик мыйзам долбоорун карайт деп күтүлүүдө. Күн тартибине жалпысынан 18 маселе киргизилген. Кошумчалай кетсек, жыйындын жүрүшүндө ТүркПАга төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

Жыйындын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>