Октябрь окуяларында жоголгон Жээнбековдун төш белгиси канчага бааланууда?

Октябрь окуяларында жоголгон Жээнбековдун төш белгиси канчага бааланууда?

Октябрь окуялары учурунда мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун төш белгиси жоголгон. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь айында болгон башаламандыктар боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.

“Президенттин иш башкармалыгы бул иште жабырлануучу катары өтүүдө. Эгерде сот айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапса, алар президенттин иш башкармалыгына 53 миллион 488 миң сом суммадагы зыянды төлөп бериши керек. Алардын ичинен 1 миллион 480 миң сом бул — Сооронбай Жээнбековдун төш белгисинин баасы, ал Ак үйдүн 7-кабатында сакталып турган учурда жоголгон”, — деди Замир Жоошев.

Юрист белгилегендей, Роза Отунбаеванын 2010-жылдагы буйругуна ылайык, президенттин төш белгиси өлкө башчынын Бишкектеги резиденциясынын кызмттык бөлмөсүндө сакталышы керек.

Октябрь окуясында бийликти басып алууга жана башаламандык уюштурууга 6 адам — Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Курсан Асанов, Темирлан Султанбеков, Жеӊиш Молдакматов айыпталууда.

Кыргызстанда 2020-жылкы парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолуп, 12 саясий партия анын жыйынтыгын тааныбай, нааразылык акциясына чыгышкан. Бул митингге катышкандардын саны көбөйүп, 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланган. Натыйжада соңку бир жыл ичинде бийлик алмашып, Конституциялык реформанын негизинде өлкө парламенттик башкаруудан президенттикке өтүп, жаңы мамлекет башчы шайланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>