Чоң-Алайда жылуулук электр станциясын куруу боюнча долбоор башталат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жылуулук электр станциясын куруу боюнча долбоор башталат. Долбоордун жеке өнөктөшү болуп «Вольт Хаш Кей Джи» аныкталды, ал объектини куруу, иштетүү жана башкаруу милдетин өзүнө алат. Ал эми Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик өнөктөш болот. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, заманбап жылуулук электр станциясынын кубаттуулугу баштапкы этапта 10-20 МВт болуп, келечекте 200 МВтка чейин жеткирилет. Ошондой эле заманбап технологиялар жана экологиялык стандарттарга жооп берген тазалоо тутумдары орнотулат.
Станция санариптик инфраструктураны жайгаштыруу менен бирге курулат. Тактап айтканда, маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (дата-борбор), диспетчердик жана мониторинг борборлору, ошондой эле инженердик-логистикалык объектилер курулат.
Агенттиктин маалыматында, долбоор аймактагы электр энергиясынын тартыштыгын азайтууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган. Ошондой эле энергия өндүрүүнү башкарууда санариптик чечимдерди колдонуу каралган.