Ак-Суу районунда менен Каракол шаарында сел жүрүп, жолдорду жана үйлөрдү каптады

Кечээ, 19-майда, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел жүрүп, үйлөрдү жана жолдорду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунда селдин кесепетинен Каракол — Эңилчек унаа жолунун 10-чакырымында жолдун жээги бузулган. Ошондой эле аталган жолдун 4–5-чакырым аралыгында суунун деңгээли көтөрүлүп, курулуп жаткан көпүрөнү суу каптаган. Мындан тышкары Маман айылында 4, Отуз-Уулда 3 жана Үч-Кайнар айылында 4 турак үйдүн короо жайларына суу кирген.
Ал эми Каракол шаарында Восход кичи районундагы №2, №6, №9 жана Геология кичи районундагы №160 көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрүнө суу кирген. Учурда жарандык коргонуу кызматтары жер-жерлерде тазалоо иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.
Бүгүн, 20-майда, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө аталган аймактардагы кырдаал боюнча ыкчам жыйын өттү. Жыйында селдин кесепеттерин тез арада жоюу жана калкты коргоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Ошондой эле жол куруу иштерин жүргүзүп жаткан жеке ишканаларга кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышуу милдеттендирилди.