Чубак ажы ооруканага жеткирилгенде ага шалаакы мамиле жасалганбы? – видео

Чубак ажы ооруканага жеткирилгенде ага шалаакы мамиле жасалганбы? –	видео

Журналист Жакышылык Матанов мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов Бишкектеги улуттук госпиталга жеткирилгенден кийин ага шалаакы мамиле жасалганын «Фейсбук» баракчасы аркылуу айтып чыкты.

Журналист окуяга өз көзү менен күбө болгонун баяндап, сазга баткан саламаттык сактоо тармагы жаңыланбаса дагы далай адамдардын өлүмүнө себепкер болушу мүмкүн экенин айтат.

“Улуттук госпиталдын кире беришине эки койка жасашыптыр, анын биринде 5-6 мин мурун келген бейтапка жасалма дем алдыруучу аппарат кигизишкен экен. Бирок чубак ажыга бир нече мүнөт унутулуп калгандай мамиле жасашты”, – деп баяндайт Матанов.

Ошондой эле ал бийлик жетекчилерине кайрылып, ооруканага оор абалда келген бейтаптарга дароо көңүл бурулбай жатканын кошумчалады.

Чубак ажы Жалилов 45 жашында 11-июлга оогон түнү пневмониядан каза болду. Анын сөөгү Бишкектеги өлүкканадан чыгарылган соң  кичи мекенине жиберилди. Маркумду жерге берүү 11-июлда саат 16:00-18:00 чамасында Базар-Коргон Баймундуз айылында өтөт.


Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>