Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат3-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, айрым аймактарда жаан жаайтЫсык-Көлдө кайрадан «Салбуурун» фестивалы өттү
Чуй: Аламүдүн районунун акиминин орун басары кармалды
30.03.2023 | 18:47
Чүй облустук прокуратурасы тарабынан Аламүдүн районунун акиминин орун басары, жер мунапысы боюнча комиссиянын төрагасы А.Б.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер мунапысы боюнча комиссиясы тарабынан Лебединовка айыл өкмөтүнүн аймагындагы 66,8 га мамлекетке тиешелүү айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлерди жер мунапысына киргизип, калктуу конуштар категориясына билип туруп мыйзамсыз которушкан.
Бүгүнкү күндө тергөө тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдар аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар