Жапаров Алиевге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды

31.07.2026 | 14:19
Ильхам Алиев тоже получил от президента КР орден «Манас» I степени — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 31-июлда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы «Манас» орденин тапшырды. Жогорку мамлекеттик сыйлык эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана кыргыз-азербайжан элдеринин достугун чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземинде Садыр Жапаров Ильхам Алиевдин жетекчилиги алдында Азербайжан мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, экономиканы өнүктүрүүдө жана ири долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Мамлекет башчысы Азербайжандын президентинин колдоосу жана эки элди жакындатууга болгон туруктуу умтулуусунун аркасында кыргыз-азербайжан мамилелери сапаттык жаңы деңгээлге чыгып, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун айтты.

Ошондой эле Садыр Жапаров Ильхам Алиевдин аймакта туруктуу тынчтыкты орнотууга, стабилдүүлүктү бекемдөөгө жана кызматташтыктын жаңы атмосферасын түзүүгө багытталган аракеттерин өзгөчө белгилеп, анын Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы кыргыз элинин терең урмат-сыйына татыктуу экенин билдирди.

Аземдин соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Ильхам Алиевди жогорку мамлекеттик сыйлык менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле I даражадагы «Манас» ордени Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге да тапшырылган. Ал дагы Кыргызстанга Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жана Азербайжандын президентинин бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келген.

Scroll to Top